Биз менен байланышыңыз

Украинанын эң бай адамы Мариуполду кайра курууга убада берди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Апр 2022 | 3827 | 0

Украинанын эң бай бизнесмени Ринат Ахметов Мариуполь шаарын кайра тургузууга жардам бере турганын жарыялады.

«Биз бүткүл Украинаны кайрадан бутка тургузабыз», — деди Ахметов.

Украиналык миллиардердин айтымында, анын максаты Мариуполго кайтуу. Ошондой эле ал жактагы болот өндүрүшүн мурункудай өнүктүрүп, дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка туруктуу болуусу үчүн жаңы пландарды иштеп чыгууну да максат кылган.

Мариуполда Ахметовго тийиштүү делген эки ишкана: Ильич атындагы металл комбинаты жана «Азовсталь» заводу жайгашкан.

Ахметов, «Мариуполь — дүйнөлүк катастрофанын жана эр жүрөктүүлүктүн символу»деп эсептейт.

Мурун чет өлкөдө жүргөнү айтылган Ахметов 23-февралда Украинага кайтканын жана учурда да өз өлкөсүндө экенин билдирген.

Ахметов Forbes рейтингинде украин миллиардерлери арасында биринчи оруна жайгашкан. Анын байлыгы  4,2 млрд доллар деп бааланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM