Биз менен байланышыңыз

ЖККУ жыйынын күн тартибинде кандай маселелер каралат?

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2022 | 649 | 0

Бүгүн, 16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун 30 жылдык юбилейлик саммити өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кечээ, 15-майда иш сапары менен Орусияга барды.

Жыйынга ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн президенттери  толук курамда катышары күтүлүүдө. Буга чейин ковиддик абалдан улам бир канча жыйындар онлайн конференция аркылуу өтүп келген. Бул саммит 2019-жылдан бери биринчи жолу оффлайн форматта өтүп жатат. Акыркы жолу ЖККУ лидерлери бетме-бет Бишкек шаарында өткөн саммитте чогулушкан.

Саммиттин күн тартибинде ЖККУнун алкагындагы актуалдуу эл аралык жана регионалдык көйгөйлөрдү жана жамааттык коопсуздук системасын дагы да жакшыртуу үчүн көрүлө турган чаралар талкууланат.

В.Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун журналисттерге берген комментарийинде, саммитте Украина темасы да талкууланат. “Албетте, бул мааракелик саммит. Ошондуктан уюмдун келечеги тууралуу талкуулар, пикир алмашуулар болот. Бирок ошол эле убакта Украина темасы да сөзсүз көтөрүлөрүнө ишенип турам”, — деп кошумчалаган.

ЖККУ саммити лидерлердин чоң жана чакан форматтагы жолугушуулары менен коштолот. Бул саммиттин өзгөчөлүгү жыйынга катышкан президенттер нанүштө үстүндө жыйынга чогулат. Ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин менен Белоруссия президенти Александр Лукашенконун кеңири форматтагы жолугушуусу болот.

Жапаровду Москвага коштоп кеткен делегациянын курамы

Copyright © 2017 Maral FM