Биз менен байланышыңыз

Жапаровду Москвага коштоп кеткен делегациянын курамы

Кыска кабар | 16 мая 2022 | 1678 | 0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн Орусиянын Москва шаарына учуп барды.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
— Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
— Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Бүгүн, 16-майда Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин саммити өтөт. Саммитке Армения төрагалык кылат.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу билдирүү кабыл алынары күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM