Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат

Кыска кабар | 15 мая 2022 | 392 | 0

Кыргызстанда 2030-жылга чейин Гендердик теңчилик боюнча стратегия кабыл алынат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 15-май, энелер күнүнө карата куттуктоосунда айтылды. 

Президент стратегияда аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, алардын саясий турмушка жана чечимдерди кабыл алууга катышуусуна өзгөчө көңүл буруларын убалады.

«Аялдарды жана үй-бүлөнү колдоо, энелерди урматтап-сыйлоо — бүгүнкү күнүбүздү эле эмес, эртеңки келечегибизди да аныктай турган негизги милдет. Бул — дени сак улуттун өнүгүшүнө жана сакталышына кошкон зор салым» , — деди Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында, ар бир коомдун, мамлекеттин теңчилиги менен калыстыгынын чен-өлчөмү биринчи кезекте аялзатына болгон мамилесинен, көңүл буруусунан байкалат.

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембисинде «Энелер күнү» белгиленет. Мындай жарлыкка 2012-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон.

Быйыл 921 апага «Баатыр эне» наамы берилет

Copyright © 2017 Maral FM