Биз менен байланышыңыз

Быйыл 921 апага «Баатыр эне» наамы берилет

Кыска кабар | 14 мая 2022 | 420 | 0

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордени, «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, жети же андан ашык баласы бар 921 энеге «Баатыр эне» ордени, алты баласы бар 664 энеге «Эне даңкы» берилди.

Орден-медаль тапшыруу жана сыйлоо салтанаты жыл сайын «Энелер күнүндө» өткөрүлүп келет.

«Энелер күнү» Кыргызстанда 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM