Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 11 адам шаурмадан ууланды

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 643 | 0

бишкектеги тез татым жайларынын биринде тамакка массалык уулануу фактысы катталды. Бул тууралуу Бишкектин санэпидемкөзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Эл эмне жейт» тез татым жайындагы шаурмадан 11 адам ууланган. Учурда аталган жай убактылуу жабылып, уулануунун себептери изилденүүдө.

Көзөмөл органы тарабынан тез татым жайына мыйзамды бузгандыгы үчүн 13 000 сом айыппул салынып, кемчиликтерди жоюуга тапшырма берилди.

Жайында тез татымдан оолак болуңуз

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM