Биз менен байланышыңыз

Жайында тез татымдан оолак болуңуз

Коом | 31 мая 2019 | 3881 | 0

Социалдык түйүндөрдө алчанын ичинен курт чыккан видео тарады. Тасма коомчулуктун көңүлүн буруп, дароо Бишкектеги тамак-аш саткан жайлардын тазалыгы талкууга түштү. Күндүн ысыгында муздаткычка эмес, ачык коюп саткан тез татым жайлары кантип иш алып барышат? «Марал» радиосу көчөлөрдө сатылып жаткан тез татым жайлардын абалы менен таанышып келдик.

Адегенде эле, Сүйүмбаев — Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кыркалекей тизилген тез татым жайлардын айрымдарына баш багып, суроо салдык. Биздин байкаганыбызда, көп тамактардын бети ачык, муздаткычка салынган эмес. Бирок, ага карабастан, элдин агымы аябагандай көп экен.

— Сиз көрүп турган тамактардын бардыгы күнүнкүсү күнүгө жасалат. Ар бир эки саатта 100 даанадан самсы жасайбыз. Кардарлар көп болгондуктан, ошол эки саатта эле өтүп кетет. Бузулганга да жетишпейт.

— Шаурманын эти он саатка чыдайт. Күн ысыкта салаттарды муздаткычка сактайбыз. Ал эми салып жасай тургандарды бат-баттан алмаштырып турабыз.

— Муздаткычка салганды эч ким жебейт. Ысык жегиси келет адамдардын. Мектептин жанында жайгашкандыктан, кардарларыбыз көп. Туура эмес тамак саткандан биз деле коркобуз.

— Каалагандар сатып жесин, каалабагандар албай эле койсун. Ууланып келгендер менде болгон эмес.

Бишкектеги талапка жооп бербеген тамактануучу жайлардын үстүнөн арыздар күнүгө түшүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Санитардык-экологиялык инспекциясынын башкы дарыгери Рысбек Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, 2020-жылга чейин мораторий киргизилгендиктен, каалаган убакта текшере алышпайт. Анын үстүнө, андай жайлардын дээрлик 90 %ы менчик болгондуктан, арыздын гана негизинде текшерүүгө укуктары бар.

— Арыз түшсө барабыз. Текшерип айып пул салабыз. 1000 сомдон 5000 сомго чейин. Ушул жылдын башында мораторий жарыялап койгон. Бир жайды текшерерде Экономика министрлигинен уруксат алышыбыз керек. Чындыгында талапка жооп бербеген тамак-аш сатуучу жайлар көп. Аны моюнга алуу кажет. Жеке менчик ишканалар бизге кайрылып, текшерип берип койгулачы десе бармакпыз. Тилекке каршы, андай сунуштар ушул күнгө чейин бир да жолу каттала элек.  

Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин билдиришинче, тамактардын туура эмес сакталуусунан ууланып ооруканага түшкөндөр көп. Өзгөчө жай мезгилинде байкабай калып, ачып кеткен тамакты жеп алгандар көп болот. «Сүт, эт азыктарынан жана тез тамактануучу жайлардан жаш балдарды этияттоо керек», — деп, буларга токтолду.

— Көчөдөн тамак жеп, ууланып келгендер абдан эле көп. Өзгөчө жай мезгилинде көп түшөт ооруканага. Тез тамактануучу жайлардын көбү талапка жооп бербейт. Эмнеге? Бул багытты караш керек да. Антпесе, өтө эле кооптуу. Жаш балдарды жайында дарбыздан, сүт, эт ушул сыяктуу тамактардан абайлабаса, өтө кооптуу. 

«Көчөдө сатылып жаткан тамак-аштардын сакталуусу жана тазалыгы канааттандырабы?» — деген суроону шаар тургундарына да узаттык.

— Мен фастфуд жебейм. Анын кантип жасаларын интернеттен көрүп эле жатабыз.

— Сүйүмбаев-Чүй көчөлөрүнүн кесилишин тез татым борбору десек болот. Эл көп, бери жагында таштанды кутучалар бар. Алардан сасык жыт чыгат. Илинип турган эттерине сиңет да. Унаалар байма-бай өтөт, андан жаман зат чыгат. Эмнеге муну текшеришпейт?

— Мен шаурма жеп уулангам, бирок кайра эле жей берем. Башкача даамдуу го. Эмнелер кошулат болду экен? Билип көрүшүм керек экен.

Негизинен коомдук тамактануучу жайлардан ууланган деген маалыматтар буга чейин деле байма-бай жарыяланып келген. Бөтөнчө жайында ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн саны башка мезгилге салыштырмалуу көп болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM