Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасы: үч кыргыз жараны октон каза тапты

Кыска кабар | 6 мая 2022 | 2646 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары куралдан ок чыгарып, үч кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы бул окуя кечээ, 5-майда Дөбө-Коргон чек ара тилкесинде орун алган. Өзбекстандын чек арачылары чыгарган октон улам, Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болгон. Алар Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болушкан.

Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашты.

Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.

Лавровдун сөзү үчүн Путин кечирим сурады

Copyright © 2017 Maral FM