Биз менен байланышыңыз

Лавровдун сөзү үчүн Путин кечирим сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2022 | 1565 | 0

Орусия президенти Владимир Путин тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жөөттөр тууралуу сөзү үчүн Израил бийлигинен кечирим сурады. Бул тууралуу Израилдин өкмөт башчысы  Нафтали Беннеттин офисинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Беннет жана Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, Украинанын Мариупол шаарындагы «Азовстал» заводунан жай тургундарды эвакуациялоо боюнча пикир алмашкан. «Ошондой эле Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сөзү да талкууланды. Анда Путин Лавровдун сөзү үчүн кечирим сурап, өкмөт башчы Беннет аны кабыл алып, Орусиянын жөөт калкына жана холокостго карата мамилесине тактоо киргизгени үчүн Путинге ыраазычылык билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Италиянын Mediaset телеканалына маек берип, анда Адольф Гитлерде жөөт каны болушу мүмкүндүгүн айткан. Анын бул сөзүнөн кийин Израил бийлиги Орусиянын элчисин тышкы иштер министрлигине чакырган. Израил президенти Ицхак Герцог Лавровдон бул сөздөрү үчүн кечирим суроосун талап кылган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM