Connect with us

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда

Кыска кабар | 5 Май 2022 | 832 | 0

Бишкектеги «Манас айылынын» жетекчиси Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени айтылууда. Анын өлкөдөн кетүүсүнүн себептери жана кайсы жакка кеткени азырынча белгисиз.

Маалыматтарга караганда, Сыдыков учурдагы жумушун өткөрүп берген.

Социалдык тармактын колдонуучулары манасчынын өлкөдөн чыгып кетүүсүн аларга болгон куугунтук катары баалашууда.

Дөөлөт Сыдыков бир нече айдан бери Бишкектеги «Манас айылы» маданий этнографиялык комплексинин жерине кызыккан топ пайда болгонун айткан.Ал топ «Манастын айылын» кайра куруу жана руханий борборго айлантуу иштерине тоскоол кылып жатканын билдирген.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде «Манас айылы» жаңыланарын айткан. 29-апрелде маданий комплексти жаңылоо боюнча жаңы долбоор иштелип чыкканы кабарланган.

«Манас айылы» оңдолгондон кийин кандай өзгөрөт? (сүрөт)

 

Copyright © 2017 Maral FM