Биз менен байланышыңыз

«Манас айылы» оңдолгондон кийин кандай өзгөрөт? (сүрөт)

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 417 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

Жапаров «Манас айылын» атына татыктуу кылып оңдоп, анда эс алуучулар убактысын ырахат менен өткөрө тургандай калыбына келтирүүнү талап кылды.

Долбоордо «Манас айылы» комплексин реконструкциялоо, анын аймагын 3 гектардан 8 гектарга чейин кеңейтүү каралган. Ар кандай жыйындарды, курултайларды өткөрүү үчүн залдарды камтыган 3 кабат боз үй тигүү пландалууда.

Ошондой эле комплекстин аймагына «Манас» театры менен «Манас» музейи көчүрүлөрү айтылды. Мындан тышкары улуттук каада-салттарга, ырым-жырымдарга ылайык этно-маданий иш-чараларды өткөрсө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM