Биз менен байланышыңыз

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 832 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Камчыбек Ташиев өкмөттүк делегация Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзөрүн айтып, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Кеңешменин жыйынтыгында Өкмөттүк делегациянын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берилгени айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM