Биз менен байланышыңыз

Ош: Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабылды

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 213 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 5-май түнкү саат 02:30дар чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кош-Дөбө айыл аймагындагы Мундуз-Сай сайынан сел түшүп, Кош-Дөбө-Мундуз унаа жолунун 5-чакырымында жол жээгин жеп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришкендей, азыркы тапта жол каттамы ачык. Турак жайларга коркунуч жаралган эмес.

Мындан тышкары, Ош облусунда Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабылды. 4-майдын түнүндө саат 21:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 57-чакырымын каптаган. Учурда жол каттамы жабык.

Жерине Кара-Кулжа райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо иштерин жүргүзгөн. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM