Биз менен байланышыңыз

«Мурас» турнири: Депутаттардын командасы жарым финалга чыкты

Кыска кабар | 4 мая 2022 | 497 | 0

«Мурас» салттуу достук мелдешинин чейрек финалында «Жогорку Кеңеш» командасы «Бизнес» командасына каршы ойноп, пенальтиде утуп алды.

Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең чыгып, эсеп 3:3 болгон. Пенальти тебүүдө «Бизнес» 1, «Жогорку Кеңеш» 3 гол киргизди.

Натыйжада депутаттардан куралган команда жарым финалга өттү.

Жогорку Кеңештин командасында төрага Талант Мамытов баштаган депутаттар — Нурбек Сыдыгалиев, Дастанбек Жумабеков, Бактыбек Сыдыков, Нурлан Ражабалиев, Тазабек Икрамов, Нурланбек Азыгалиев, Эмил Жамгырчиев, Марлен Маматалиев, Арсланбек Малиев, Замирбек Мамасадыков, Шаирбек Ташиев, Мурадыл Сыдыков, Бактыбек Чойбеков жана Ырысбек Атажанов ойноду.

Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда өттү. Эми жарым финал менен финал 5-майда болот.

Президенттин командасы «Мурас» турниринин жарым финалына чыкты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM