Биз менен байланышыңыз

Президенттин командасы «Мурас» турниринин жарым финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 мая 2022 | 979 | 0

Бишкекте өтүп жаткан футбол боюнча «Мурас» достук турниринде президент Садыр Жапаров баштаган «Президенттин администрациясы» командасы жарым финалга өттү.

Мелдеш 4-5-майда «Газпром» ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.

Буга чейин чейрек финалга төмөнкү командалар чыккан:

1. «Президенттин администрациясы» — «Спорттук федерациялар»;

2. «Ыйман» — «Журналисттер»;

3. «Бизнес» — «Жогорку Кеңеш»;

4. «Алга» — «Билим».

Чейрек финалдагы оюндар уланууда, акыркы команданын беттеши калды.

Чемпиондук наам үчүн 12 команда ойноп жатат. Эреже боюнча, ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда, жарым финал менен финал 5-майда өтөт.

2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин «Өнөр» командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин «Алга», ал эми үчүнчү орунду «Президенттин администрациясы» ээлеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM