Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 5 мая 2022 | 317 | 0

Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.

Ал колдонуудагы Конституция адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттай турганын айтты. 2020-жылдын Октябрь окуяларында коюлган талап да, анын жыйынтыгындагы натыйжа да ошого байланыштуу экенин белгиледи.

«Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, каада-салттын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Башмыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу» , — деди президент.

Жапаровдун айтымында, бул Конституция өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жашоо-шартты жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт.

Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.

Башмыйзамдын жаңы редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM