Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады.
Ал колдонуудагы Конституция адилеттикке умтулуунун, теңчиликтин болушун шарттай турганын айтты. 2020-жылдын Октябрь окуяларында коюлган талап да, анын жыйынтыгындагы натыйжа да ошого байланыштуу экенин белгиледи.
«Жалпы кыргызстандыктар саясий системанын туруктуулугун, каада-салттын сакталышын, социалдык кепилдиктер менен камсыз болуу жолун тандашты. Аракеттеги Башмыйзамыбыздын негизги жоболору аркылуу ишкердик активдүүлүк, жарандык демилге жана коом турмушу ишенимдүү түрдө корголмокчу» , — деди президент.
Жапаровдун айтымында, бул Конституция өлкө экономикасын кескин өнүктүрүүгө, жашоо-шартты жакшыртууга жана мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө укуктук негиздерди түзөт.
Кыргызстандын биринчи Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.
Башмыйзамдын жаңы редакциясы 2021-жылы 11-апрелде референдумда (жалпы элдик добуш берүүдө) кабыл алынган.