Ош облусундагы Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 170-чакырымынан 200-чакырымына чейинки, тагыраагы Ак-Босого айылынан Сары-Таш айылына чейинки бөлүгү жеңил унаалар үчүн ачылды.
Жолдо кар жаап, тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу №960 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча бүгүн саат 09:30дан баштап убактылуу жабылган эле.