Биз менен байланышыңыз

Айыл чарбасын каржылоого 2 млрд 289 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Кыска кабар | 19 Апр 2022 | 428 | 1

Айыл чарба министрлиги «Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында 14-апрелге чейин  берилген насыялар боюнча маалымат таратты.

1. Талаачылык иштерине 1 миң 716 тарапка жалпы 714 млн 307 миң сом өлчөмүндө насыя берилди.

Банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» — 754 тарапка 333 миң 431 миң сом;
  • «РСК Банк» — 962 тарапка 380 миң 875 миң сом.

2. Мал чарбачылыгына 2 миң 843 тарапка 1 млрд 460 млн 349 миң сом насыя берилди.

Банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк» — 1193 тарапка 691 миң 322 сом;
  • «РСК Банк» — 1650 тарапка 769 миң 270 сом.

3. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 52 тарапка 115 млн 160 миң сом насыя берилди.

Банктар боюнча алганда:

  • «Айыл Банк»- 33 тарапка 56 миң 600 сом;
  • «РСК Банк» — 19 тарапка 59 миң 100 сом.

Жалпы үч категория боюнча 4 миң 611 тарап 2 млрд 289 млн 816 миң сом насыя алды.

1 пикир

1 пикир

  1. Руслан Абибаев

    19.04.2022 23:23

    Арпа буудай уронду качан алабыз билбейм Айыл банктан 15 кун болду билдирме бергенибизге договорго кол койордо чакырабыз деген дайын жок алганыбыз кичине нерсе экен убарасы коп жерибиз да кургап Кетти жер айдоо да бутуп баратат качан алабыз уроонду жээ жайында келеби жээ такыр келбейби урматтуу Садыр Нургожоевич ушуну тездетсенер боло Айыл чарба министри

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM