Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Мамлекеттик ишканаларды башкаруу өзгөртүлөт

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 305 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттин үлүшү бар ишканаларды жана акционердик коомдорду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Бакыт Төрөбаев аталган ишканаларда иштеген башкаруучуларды тандоо тутумун жана алардын ишин баалоо критерийлерин өзгөртүү зарылдыгын белгиледи.

«Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү жана республиканын ички дүң өндүрүмүн көбөйтүү артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Үстүбүздөгү жылы биз консолидацияланган бюджетти 400 млрд сомго жеткирип, туруктуу өнүгүүнү камсыздообуз керек. Мамлекеттин үлүшү бар ишканалар, банктар, уюмдар жана фонддор экономиканы өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болууга тийиш. Реалдуу секторду көтөрүп, экспорт көлөмүн жогорулатып, жаңы жумуш орундарын түзүшүбүз керек. Ошондой эле Министрлер кабинетинин алдына пенсияларды жана жөлөк пулдарды жогорулатуу милдети коюлду», — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө бир катар компаниялардын өнүгүү программалары сунушталып, алардын ишинин актуалдуу маселелери талкууланды.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча мамлекеттин үлүшү бар ишканалардын жана акционердик коомдордун жетекчилигине эки жумалык мөөнөттө өнүгүү программаларын даярдап, Экономика жана коммерция министрлигине сунуштоо тапшырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM