Билим берүү тармагында реформалар жасала турганын министр Алмазбек Бейшеналиев жарыялаган. Алардын катарында 136 өлкөдө иштеп жаткан 12 жылдык окуу системасын Кыргызстанга да киргизүү каралары айтылган. Андагы максат өлкөнүн билим берүүсүн дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү экени белгиленген. Дал ушул 12 жылдык окуу системасы коомдо ар түрдүү пикир жаратты. Айрымдар окуучулардын убактысын алып, мөөнөтүн узартууга каршы чыгышып, андан көрө билим сапатын жогорулатууну сунушташууда. Айрыкча, Бишкек шаарынын тургундары ар бир класста 40-50дөн окуучу болуп, окутуу кыйын болуп турганда, дагы бир жыл кошуу ашыкча түйшүк жаратарын белгилешет. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Кыргызстанда 12 жылдык окуу программасын киргүзүү каралып жатат. Буга байланыштуу биз Бишкек шаарынын тургундарынын 12 жылдык окуу программасы боюнча пикирин тыңдап көрдүк.
Айнура, үч баланын апасы: «12 жыл сапатсыз билим бергенче 9-10 жыл сапаттуу билим берген артык деп ойлойм. Анткени азыр билим деңгээлдин кандай экенин баарыбыз билебиз. Окууну 12 жылга создуктургандын ордуна «кантип сапаттуу билим берсе болот?» деген суроонун үстүнөн иштесе, жакшы жыйынтык бермек».
Нургүл, алты баланын апасы: «Мен 12 жыл окууга макулмун. Себеби, бала алты жашынан мектепке барса, ошол жашта жөндөмү жакшыраак болуп, кабыл алуусу да жакшы болот экен».
Зайырбек, төрт баланын атасы:«Азыркы заманга жараша анчалык окуунун деле кереги жок. Арифметика, аны-муну окутуунун деле зарылчылыгы жок болсо керек. Андан көрө бир кесиптин ээси кылса, турмушка керектүү билимди берсе жакшы болмок да».
Какен апа: «Менин неберелерим мектепте окуйт. Алты жаштан барганы туура, 0-класска барбай эле. Ошол эле программаны окутуп, ошол эле учурда жеңилдик болот деп жатпайбы, мен аларды колдойм».
Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 12 жылдык окуу боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Анда ал бала мындан ары 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө 1-класска барып, 0-класс (даярдоо классы) деген жоюла турганын, бала жылдан утулбасын, жүктөм азайып, өнүктүрүүчү ийримдер, спорттук секциялар кире турганын айтты. Ошондой эле 12 жылдык окуу программасында 3 айлык же 6 айлык кесипке даярдоо курстары уюштурулат.
«6 жашында мектепке келген бала дароо эле оор программа менен баштабайт. Анын негизги максаты: балдарды чөйрөгө эрте аралаштыруу жана эң негизги окуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Мектеп программасы жалпысынан жүктү азайтып, 12 жыл аралыгында бирдей бөлүштүрүү жагы кайра каралат. Бул балдарды өнүктүрүүчү ийримдерге, спорттук секцияларга, өздөрү кызыккан курстарга, өсүп жаткан организм үчүн маанилүү болгон эс алууга көбүрөөк убакыт калтырууга мүмкүндүк берет. 12 жылдык мектеп келечектеги кесипти тандоого көбүрөөк багытталган. Окуучунун 3 же 6 айлык курстан өтүп, лицейдин базасында кыска мөөнөткө жөнөкөй, бирок зарыл болгон кесипти алуусуна убакыт болот. Мындайча айтканда, балдар аттестат менен кошо бир кесиптин ээси болуп чыгат».
Дүйнөнүн 136 өлкөсү, анын ичинде билим берүүсү өнүккөн АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия өлкөлөрү балдарын 12 жыл окутуп жатат. 12 жылдык мектеп – жалпы дүйнөлүк тренд. Муну менен Кыргызстандан мектепти аяктаган бүтүрүүчүнүн аттестатын чет мамлекетте таануу жеңилдейт.
Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметов 12 жылдык окуу программасына өтүү мезгил талабы деп эсептейт. Ошондой эле ал Кыргызстандын 11 жылдык билимин көпчүлүк өлкө тааныбай келгенин белгилейт.
«Анткени биздин билимди кээ бир мамлекеттер, белгилүү жогорку окуу жайлары кээде тааныбай, биздин абитуриенттерди кошумча бир жыл окуганга же дагы бир сертификат алып барганга мажбурлаган учурлар болгон. 12 жылдык окуу негизинен дүйнөлүк стандарт болуп калды. Дүйнөдө 130дан ашык өлкө, айрыкча билим берүүсү өнүккөн мамлекеттер ушул система менен алектенет. Ага өтүү мезгил талабы деп айтсак болот. Ата-энелерде маалымат жок болгондуктан, «Дагы бир жыл балдар мектепте жүрөт турбайбы?» деген ой болуп жатат. Андай эмес, азыр 11-классты кайсы куракта бүтүп жатса, ошол эле куракта аяктайт. Болгону бир жылдык мектепке даярдоо курсун эле 1-класс кылып өзгөртүп жатабыз. Анан анын мугалими кайра эле башталгыч класстын мугалими бойдон иштей берет. Болгону башталгыч класс 5 жыл болот».
Жаңы билим берүү системасында башталгыч класс менен ортоңку класс 5 жылдан, ал эми жогорку класс 2 жылдан болот.
Онлайн университеттин негиздөөчүсү, билим берүү боюнча адис Элира Турдубаева 12 жылдык окуу программасына өтүү азырынча эрте деп эсептейт.
«12 жылдык окууга өтүү үчүн биринчи кезекте даярдык керек болчу, билим берүүнүн сапатын жакшыртып, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу курстардан өткөрүп, андан кийин гана 12 жылдыкка өтүү керек болчу. Мен азыр эрте деп ойлойм. Себеби билим берүүнүн сапатын жана деңгээлин көрүп жатабыз. Анан 9-классты бүтүп эле баары IT жана башка кесиптерди үйрөнүп, «тезирээк жумушка орношолу, 10-11-класска убактыбызды коротпойлу» деп кетип жатышат. Биз азыр маалымат технологиялары өнүккөн доордо жашап жатабыз. Ошондуктан азыр 12 жылдык окуунун кереги жок го деп ойлойм. Ансыз деле 10-11-жыл окуп жатат. IT тармагын деле балдар алты айда үйрөнүп жатышат, ошого азыр мен эрте деп ойлойм».
Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.
12 жылдык окуу системасына өтүүгө көрсөтүлгөн каршылыктын көп болушунун, коомчулукта буга карата терс пикирдин көп айтылышынын себебин билим берүү боюнча серепчи Асылбек Жоодонбеков мындайча түшүндүрдү:
«Себеби балдар мектептеги окууну абдан узак көрөт жана тажашат. Азыркы биздин мектептерде билим берү сапаты абдан төмөн, мектепке баруу кызыксыз, өзгөчө жогорку класска келгенде баргысы келбеген учурлары көп. Ошол учурларды ата-энелер баштан өткөрүп жатканы үчүн катуу тепки көрсөтүп жатышат. Менин оюмча, министрлик 12 жылдык окууну пландоо менен бирге, ата-энеге жана балага тандоо эркиндигин бериши керек. Баягыдай эле «эртең менен саат 7:00дө туруп, ар бир үй-бүлөнү стресске кабылтып, мектепке кечикпей келесиң, 15 мүнөт кечиксең, жаза аласың, кечке чейин жүрөсүң», — деген нерселердин баарын таштап, балага тандоо берүү керек. Мисалы, үй-бүлөлүк окуу, өз алдынча окуу, дистанттык окуу, кандайдыр бир деңгээлде сааттарды кыскартуу сыяктуу академиялык эркиндиктер берилсе, мектепти да кызыктуу кылса, элдин каршылыгы азайышы мүмкүн. Ошондуктан 12 жылга өтүү менен бирге кескин реформалык аракеттерди, мектептин мурункудай болбой турганын, баланын кызыкчылыгына, анын баргысы келген жайга айландыруу аракетин көбөйтүшүбүз керек».
Жаңы система боюнча окуу программасындагы жүк азайып, 12 жылга бирдей бөлүштүрүлөт. Бул балдарга өнүктүрүүчү ийримдерге, спорттук секцияларга, өздөрү кызыккан курстарга, өсүп жаткан организм үчүн абдан маанилүү болгон эс алууга көбүрөөк убакыт калтырууга мүмкүндүк берет. Башталгыч класстарда үй тапшырмаларына 1,5 сааттан ашпаган убакыт, ортоңку класстарда 2,5 сааттан ашпаган убакыт, жогорку класстарда 3,5 сааттан ашпаган убакыт кетет. Ошол эле учурда мектепке 6 жаштан тарта кабыл алуу бала бакчалардын жүгүн кыйла азайтып, балдардын эрте куракта, мисалы, 2 жаштан тарта бала бакчага баруусуна мүмкүндүк бере турганы айтылууда.