Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин иши боюнча соттук отурум уланууда

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 329 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланууда.

Бүгүнкү отурумга да Кыргызстандын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алып келинди. 2020-жылдагы октябрь окуяларына байланыштуу ишти кароону улантуу 4-апрелде башталган.

Октябрь окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевден тышкары Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокматов жана башка бир катар адамдарга Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча иш козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM