Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Кар көчкү түшүп, сел жүрүшү мүмкүн

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 242 | 0

8-апрелден 12-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар.

«Бишкек — Ош» жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында;

«Бишкек — Нарын — Торугарт» жолунун Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында;

«Казарман — Актал-Чат» жолунун Карагөө ашуусунда;

«Каракол — Эңилчек» жолунун Чоң-Ашууда кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

8-апрелден 10-апрелге чейин күндүн табы жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM