Биз менен байланышыңыз

Доскул Бекмурзаев: Быйыл энергетикалык карыздан кутулабыз

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 453 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев 31-мартта маалымат жыйын өткөрүп, Кыргызстанда күз-кыш мезгили ийгиликтүү өткөнүн айтты. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып, энергетика тармагы карыздан тазаланарына ишендирди.

Министрдин маалыматы боюнча, энергетика тармагынын 136 млрд сомдон ашык карызы бар.

«Президенттин тапшырмасы менен быйыл биз энергетиктерди карыздан арылтабыз. Энергетиктер эркин түрдө масштабдуу долбоорлорду ишке ашыра баштайт», — деди Доскул Бекмурзаев.

Министр энергетика тармагына алынган карыз кайсы каражаттын негизинде төлөнөрүн так айткан жок.

Ал мындан тышкары быйыл жайында Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун курулушу башталарын билдирди. Алгачкы курулуш иштерине 20 млн доллар каралганын жана бул акча бар экенин айтты. Курулуш июнь-июль айларында башталат. Коңшу мамлекеттер же үчүнчү жактар да Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорун курууга катыша алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM