Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев: МТС системасын өркүндөтөбүз

Кыска кабар | 30 Мар 2022 | 280 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына сунушталган Бакыт Төрөбаевге кайрылып, айыл чарба техникаларын жаңылоого чакырды.

Ал Төрөбаевдин 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен чыкканда айыл чарба техникаларын алуу боюнча жакшы программасы болгонун эске салды.

Депутаттын айтымында, учурда Министрлер кабинети айыл чарбасына акча бөлүндү деп маалымат бергени менен банктарга акча түшпөй жатат. Бул багытта кеңейтилген, комплекстүү программа керек.

«Сиз жетектей турган тармакта жакшы иштерди жасаарыңызга ишенем, экономиканы түшүнгөн адамсыз. 2015-жылы айыл чарба техникаларын жаңылоо боюнча жакшы программаңыз бар эле. Ошону кайра өркүндөтүү керек. Азыр өкмөт айыл чарба тармагын насыялоого акча бөлүндү деп маалымат берип жатат. Бирок банктарга акча түшө элек экен. Комплекстүү программа зарыл, эл техниканы, жабдыктарды сатып алуусуна шарт түзүлсө жакшы болмок. Айыл чарба өндүрүшү жок кыйын эле болот», — деди депутат.

Бакыт Төрөбаев өлкө боюнча 121 машина-трактор станция (МТС) ачылганын кабарлады. Мындан ары да бул система өнүктүрүлөрүн айтып, МТСтерди ачуу идеясын мындай түшүндүрдү.

«Бир дыйкан бир трактор ала албайт. Ар бир райондо же айыл өкмөттүн деңгээлинде МТС түзүлүп, дыйкандарга кызмат көрсөтүү багытында иштеши керек деген ой болгон. Ошону улантабыз. Мындан тышкары 1 млрд сом лизингге бөлүп жатабыз. Акча банктарга түшпөй жатканы көзөмөлгө алынат. МТС системасын өркүндөтөбүз, жаңы технология, жаңы ыкмалар менен иштерди алып барабыз, бул жагын жакшы билем, техниканы жаңылатабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы тарабынан өкмөттүк деңгээлде айыл чарба техникаларын тейлөөчү станцияларды жер-жерлерде ачуу демилгеси көтөрүлүп, ишке аша баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM