Connect with us

Бишкекте журналист Арзыгүл Галымбетованы эскерүү иш-чарасы өттү

Кыска кабар | 27 Мар 2022 | 1090 | 0

Бишкекте бүгүн АКИpress маалымат агенттигинин аймактык журналисти Арзыгүл Галымбетованы кесиптештери жана замандаштары эскерди.

Ал Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан чек ара аймактарына биринчилерден болуп барып, ал жактагы окуяларды чагылдырып келген.

Эскерүү иш-чарасы «Чек ара» коомдук  бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага 50гө жакын адам катышты.

Анда Арзыгүл Галымбетованын элесине арналып куран окулду. Ошондой эле жакындары анын кесиптик жетишкендиктери тууралуу сөз кылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM