Бишкекте бүгүн АКИpress маалымат агенттигинин аймактык журналисти Арзыгүл Галымбетованы кесиптештери жана замандаштары эскерди.
Ал Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан чек ара аймактарына биринчилерден болуп барып, ал жактагы окуяларды чагылдырып келген.
Эскерүү иш-чарасы «Чек ара» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулуп, ага 50гө жакын адам катышты.
Анда Арзыгүл Галымбетованын элесине арналып куран окулду. Ошондой эле жакындары анын кесиптик жетишкендиктери тууралуу сөз кылды.