Connect with us

УКМК: Мыйзамсыз менчиктештерилген бала бакчанын имаратын ыктыярдуу өткөрүп беришти

Кыска кабар | 19 Ноя 2024 | 194 | 0

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы жалпы аянты 2800 чарчы метр жана жанаша аянты 1 гектардан ашык болгон бала бакчанын имараты мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Бала бакча мурда Фрунзедеги СССРдин 50 жылдыгы аталышындагы  Электрондук эсептөөчү машиналар заводунун балансында турганы аныкталган. Бирок 1993-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип, «Ж» аталышындагы компанияга менчикке өткөрүлүп берилген.

1999-жылы Б.К. аттуу жаранга сатылган, ал 2009-жылы белекке берүү келишими аркылуу өзүнүн жакын туугандарына каттаткан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, балдар бакчасынын имаратынын менчик ээлери бул социалдык мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүшүп, болжолдуу наркы 948 млн сом болгон имаратты мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып беришкени айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM