Биз менен байланышыңыз

Индира Шаршенова санариптик өнүктүрүү министрине орун басар болду

Кыска кабар | 23 Мар 2022 | 148 | 0

Индира Шаршенова санариптик өнүктүрүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Айта кетсек, Акылбек Жапаровдун дагы бир буйругу менен санариптик өнүктүрүү министринин буга чейинки орун басарлары Айнура Туйбаева жана Медербек Курманбеков кызматынан бошотулган.

Индира Шаршенова 1978-жылы Талас шаарында туулган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин «прикладдык математика» адистиги боюнча аяктаган.

Алгачкы эмгек жолун Бишкек шаарындагы №53 орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. Ошондой эле буга чейин өзү бүткөн окуу жайда, Мамлекеттик кадр кызматында, Санариптик өнүктүрүү министрлигинде эмгектенип келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM