Биз менен байланышыңыз

Түркмөн өкмөтү отставкага кетти

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 744 | 0

Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттү отставкага кетирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, конституциясына ылайык министрлер жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин кызматын уланта беришет.

«Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, мамлекет башчысы өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүн толугу менен отставкага кетирүү жөнүндө токтомго кол коюп, аларга жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантууну тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 19-мартта Түркмөнстанда Сердар Бердымухамедов ант берип, президенттик кызматка киришкен.

Эске салсак, Сердар Бердымухамедов 12-мартта өткөн президенттик шайлоодо 72,97 пайыз добуш алып жеңишке жеткен. Ал эми Президенттик жарыштын калган катышуучулары жалпысынан 27,03 пайыз добушка ээ болушкан. Түркмөнстанда президент жети жылга шайланат жана ант берген учурдан тартып кызматына киришет.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM