Биз менен байланышыңыз

«Аалымдардан алтын мурас» аттуу китеп окуу конкурсу болуп өттү (сүрөт)

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 365 | 0

Бүгүн, 20- мартта «Аалымдардан алтын мурас» аттуу VIII Республикалык китеп окуу конкурсу болуп өттү. Аталган иш- чара «Адеп башаты» диний уюму тарабынан 2012- жылдан бери уюштурулуп келет.

«Аалымдардан алтын мурас» аттуу VIII Республикалык китеп окуу конкурсу, маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналды.

Китеп окуу конкурсуна жалпы 6 миңден ашуун китеп сүйүүчүлөрү катталып, үч китептин негизинде сынак тапшырышты.

Сынак жалпы окурмандар үчүн маркум Чубак ажы Жалиловдун «Бактылуулук -1», «Бактылуулук — 2», белгилүү дин аалымы Имам Газзалинин «Ияху Улумидин» жана Алманбет Осмон уулу түзгөн «Основы Ислама» деген китеби боюнча болду.

Жалпы байге фонду 600 миң сом.

Биринчи орунду алган жеңүүчүгө Умра жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, акчалай белектер берилет.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 25- мартта Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлөт.

Мындан сырткары, 24-25-26-март күндөрү Бишкекте «Аалымдардан алтын мурас» аттуу иш-чара өтөт. Бул саамалык маркум Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналат.

Иш-чарада Кыргызстандын аймагынан чыккан үлкөн аалымдардын жашоо таржымалы театралдык көрүнүштөр менен чагылдырылат. Ошондой эле учурдагы белгилүү аалымдар, төкмө акындар да бул иш-чарага катышат.

Билеттер Киев көчөсү, 65 дарегинде сатылууда. Байланыш телефону: +996 507 899 898

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM