Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин 2 саатка жабылды

Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 177 | 0

Бүгүн Бишкектин борбору эки саатка жабылды. Бул тууралуу  Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нооруз майрамына карата даярданууга байланыштуу Ала-Тоо аянтында жана Эски аянтта саат 13:00дөн 15:00гө чейин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейин унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

Ошондой эле,  эртең 21-мартта саат 05:00дөн 22-март күнү саат 01:00гө чейин борбор калаанын борбору элдик майрамдарга байланыштуу жабылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM