Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 21-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…+7;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, карга айланат.
Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус болот.