Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна батир белек кылды (видео)

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 439 | 0

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Олимпида оюндарынын байге ээси Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу ал «Инстаграмдагы» баракчасына жазды.

18-мартта машыктыруучунун жашоосун чагылдырган «Нурбек агай» тасмасынын бет ачары болгон.

«Нурбек агай дүйнөдөгү эң мыкты машыктыруучулардын бири. Жашоосун спортсуз элестете албайт, болгон күчүн шакирттерине жумшайт. Ал эми бул фильм биринчи кезекте анын ишине берилгендиги жөнүндө. Мындай адам башкаларга үлгү болушу керек!

Нурбек агай мени 12 жылдан бери машыктырат. Мен бардык жетишкендиктерим үчүн ага милдеттүүмүн. Ал мени дайыма спортчу катары эмес, адам катары да тарбиялаганга аракет кылчу. Мен үчүн кыйын учурда ал мага баш калкалай турган жай берди. Бүгүн мен ыраазычылык иретинде ага Бишкектен батирдин ачкычын белекке бердим», — деп жазды Айсулуу Тыныбекова.

«Нурбек агай» тасмасынын башкы каарманы — кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков. Ал дүйнөлүк деӊгээлге көтөрүлгөн спортчу кыздарды тарбиялаган адам.

Тасмада Нурбек Изабековдун спортчу жана машыктыруучу катары жеңиштери, турмуштук жолу баяндалат.

Фильмдин автору жана режиссеру — Кыргыз эл артисти Тынай Ибрагимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM