Биз менен байланышыңыз

Бишкек – Ош жолу жүк ташуучу унаалар үчүн жабылды

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 439 | 0

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» посту жана Өтмөк ашуусу оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларында кар жаап, жол кыймылына тоскоолдук жаратууда. Буга байланыштуу жол тазалоого атайын техникалар тартылып, унаалардын коопсуз өтүүсү үчүн инерттүү материалдар төгүлүп жатат.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы айдоочуларды кар чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM