Биз менен байланышыңыз

Матрезервден Ошко 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы жеткирилди

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 815 | 0

Бүгүн, 18-мартта Ош шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан кумшекер жана күн карама майы жеткирилди.

Жүктөрдү Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев тосуп алды. Жалпысынан 50 тонна кумшекер, 40 тонна күн карама майы алынган.

Келген кумшекер 70 сомдон, күн карама майы 130 сомдон «Ак ниет» соода дүкөндөрүндө сатылат.

Дүкөндүн даректери:

  • Кулатов кичи району, 16Б,
  • Анар кичи району, Абдыкадыров көчөсү, 205А,
  • Курманжан Датка көчөсү, 22Б (багыт: шаардык оорукана),
  • Абакир уулу Төрөбек көчөсү, 40В (Юго-Восток),
  • Исхак Раззаков көчөсү, 56 (Ош району),
  • Уркуя Салиева көчөсү, 40А (ХБК).

Copyright © 2017 Maral FM