Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өсүмдүк майынын баасы 2,6 эсеге кымбаттады

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 533 | 0

Улуттук статистика комитети берген маалыматка ылайык, 30-июнга карата күн карама майынын орточо баасы 181 сом 77 тыйындан эсептелип, өткөн айга салыштырмалуу 2,6%га кымбаттады. Ал эми пахта майынын орточо баасы 176 сом 26 тыйын деп белгиленип, өткөн айдан 3,8%га көтөрүлдү.

Күн карама майы өлкө боюнча Исфана шаарында (190,01 сом), Жалал-Абад шаарында (189,07 сом) эң кымбат экени аныкталды. Ал эми эң арзан Өзгөн районунда (163,59 сом), Кара-Балта шаарында (163,97 сом), Талас шаарында (167,24 сом) сатылганы такталды. Ошол эле учурда бул майдын баалары өткөн айга салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында — 6,3 %га, Талас шаарында — 4,9 %га, Токтогул шаарында — 4,3 %га көтөрүлгөн.

Пахта майы Токмок шаарында (198,88 сом), Жалал-Абад шаарында (187,38 сом), Исфана шаарында (183,90) сом, Токтогул шаарында (178,93 сом) жогорку баада сатылса, Талас шаарында (157,74), Кара-Суу шаарында (157,76 сом), Покровка айылында (163,88 сом) төмөнкү баада сатылууда. Ошондой эле пахта майы өткөн айдан Кербен шаарында — 10,9%га, Талас — 9,7%га жана Жалал-Абад шаарында — 7,2%га кымбаттады.

Copyright © 2017 Maral FM