Биз менен байланышыңыз

Май айында кой этинин жана пахта майынын баасы өстү

Кыска кабар | 22 мая 2021 | 705 | 0

Ушул жылдын май айында кой этине жана пахта майына болгон баалар олуттуу түрдө өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

20-майга карата республика боюнча кой этинин орточо баасы 465,47 сом болуп, апрель айына салыштырмалуу 18,14 сомго өскөн. Ал эми 1 кг пахта майынын баасы 167,09 сомду түзүп, апрель айына салыштырмалуу 3,6 %га өскөнүн көрсөттү.

Муну менен бирге, кой этине карата Исфана, Жалал-Абад (бир кг үчүн 500,00 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 489,90 сом) шаарларында максималдуу чекене баалар түзүлдү, ал эми Покровка айылында (бир кг үчүн 420,00 сом), Каракол (бир кг үчүн 428,99 сом) жана Балыкчы (бир кг үчүн 440,00 сом) шаарларында аларга карата минималдуу баалар катталды.

Республиканын байкоо жүргүзүлгөн шаарларынын көпчүлүгүндө пахта майына карата чекене баалар орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты. Максималдуу чекене баалар Токмокто бир кг үчүн 192,04 сом, Исфана жана Ноокатта бир кг үчүн 176,61 сомду түздү. Ал эми аларга карата минималдуу баалар Кербенде бир кг үчүн 130,00 сом, Таласта бир кг үчүн 141,41 сом шаарларында, ошондой эле Покровка айылында бир кг үчүн 154,51 сом экендиги байкалды.

2021-жылдын апрель жана май айларында орточо керектөө баалары

(бир кг, сом)

Койдун эти Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

Пахта майы Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

апрель 20-май апрель 20-май
Кыргыз Республикасы 447,33 465,47 18,14 161,22 167,09 5,87
Каракол ш. 420,00 428,99 8,99 171,97 171,97 0,00
Балыкчы ш. 440,00 440,00 0,00
Кербен ш. 454,97 454,97 0,00 98,55 130,00 31,45
Токтогул ш. 440,00 440,00 0,00 162,21 169,57 7,35
Жалал-Абад ш. 472,37 500,00 27,63 165,39 172,82 7,43
Чаек а., Жумгал району 439,76 458,15 18,39 171,82 174,55 2,73
Нарын ш. 451,89 459,60 7,70
Исфана ш. 471,26 500,00 28,74 175,91 184,59 8,68
Баткен ш. 488,99 489,90 0,91 150,52 169,80 19,28
Кара-Суу ш. 470,00 476,92 6,92 150,75 155,86 5,11
Ноокат ш. 450,00 461,77 11,77 173,05 176,61 3,56
Өзген ш. 455,39 480,00 24,61 145,99 162,86 16,87
Покровка а., Манас району 420,00 420,00 0,00 147,41 154,51 7,11
Талас ш. 437,71 451,89 14,19 139,88 141,41 1,53
Кара-Балта 439,04 440,33 1,29 162,64 168,42 5,78
Токмок ш. 440,00 445,14 5,14 171,60 192,04 20,44
Бишкек ш. 443,25 467,82 24,57 161,74 165,87 4,13
Ош ш. 457,43 461,97 4,55 157,99 161,39 3,40

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM