Биз менен байланышыңыз

Кумшекер өткөн жылдан 10 сомго кымбаттады

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1222 | 0

Үстүбүздөгү жылдын март айына карата кумшекерге болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 64,36 сомду түзүп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго же 19 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Ошол эле учурда Исфана (бир кг үчүн 69,33 сом), Жалал-Абад (бир кг үчүн 67,84 сом), Ноокат (бир кг үчүн 67,39 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 67,33 сом) жана Баткен (бир кг үчүн 67,21 сом) шаарларында кымбат, Токмок (бир кг үчүн 60,67 сом), Талас (бир кг үчүн 60,89 сом) жана Нарын (бир кг үчүн 61,94 сом) шаарларында аларга салыштырмалуу арзаныраак экени аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын мартында өткөн айга салыштырмалуу республикада кумшекердин чекене баалары 4,34 сомго же 7,2 пайызга жогорулады.

Андан тышкары кумшекер өткөн айга салыштырмалуу Ноокатта — 18,8 пайызга, Чаек айылында — 13,2 пайызга, Баткен жана Кара-Балта шаарларында — 9,7 пайызга кымбаттаганы катталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM