Биз менен байланышыңыз

1-7-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 991 | 0

1-5-майларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

1-майда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалымат кызматы билдирди.

2-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймктарда жана Талас облусунда  жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда күндүз жана 3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 4-майда күндүз жана 5-майда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3- майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

1-майда Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-майда күндүз жана 3-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда жана  5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо  кар жаашы күтүлөт.

 Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-майда тункүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз жана 4-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда күндүз жана 5-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 2-майда күндүз жана 3-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Нарын облусунда  күтүлгөн аба-ырайы

1-майда жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда күндүз жана 5-майда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-7-майларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

6-7-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Copyright © 2017 Maral FM