Биз менен байланышыңыз

Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кичи автобустарда акысыз жүрөт

Кыска кабар | 24 мая 2019 | 474 | 0

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары кичи автобустарга акысыз түшөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү кызматтардын аныктамасынын негизинде, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн мектепте окуган балдары Ош шаардык мэриясы тарабынан берилген күбөлүк менен кичи автобустарга акысыз түшөт.

Ал эми Ош шаардык Автоунаа муниципалдык ишканасына караган автобус, троллейбустар төмөнкү категорияга кирген жүргүнчүлөрдү тиешелүү кызматтар аркылуу берилген күбөлүктүн негизинде акысыз тейлейт:

  1. Пенсионерлер;
  2. I, II топтогу майыптар;
  3. Ош шаарынын Ардактуу атуулдары;
  4. Шаардагы Аксакалдар сотунун мүчөлөрү;
  5. Ош шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгын кызматкерлери;
  6. «Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү;
  7. Ош шаардык Кургак учукка каршы күрөшүү эмканасынын медициналык кызматкерлери;

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM