Биз менен байланышыңыз

Ошто мэриянын колдоосу менен IT-мектеп ачылат

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 678 | 0

Ош шаарында мэриянын колдоосу менен IT-мектеп ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мектепте чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келген жергиликтүү программисттер жаштарды окутушат. Мындай демилгени ПРООН, GIZ сыяктуу эл аралык уюмдар да колдоого алып, шаардык мэрия тарабынан IT-мектеп үчүн имарат берилди.

Донордук уюмдар техникалык, консультативдик жана тажрыйба алмашуу жагынан колдоо көрсөтүнү колго алышкан.

Мындан тышкары Программа түзүүчүлөр ассоциациясы жана Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы да ар тараптан колдой тургандыгын билдирип, бул жаатта кызматташуу боюнча атайын меморандумга кол коюлду.

Бүгүнкү күндө имараттын ичин оңдоо иштери жүрүүдө. Мектеп март айында пайдаланууга берилет.

Кошумчалай кетсек, IT-мектеп тарабынан заман талаптарына ылайык жаңы маалыматтык технологиялар жаатындагы адистер даярдалып, өлкөнү санариптештирүү үчүн жакшы өбөлгө түзүлмөкчү.

Copyright © 2017 Maral FM