Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эл аралык джаз фестивалы өтөт

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 240 | 0

Кыргызстанда эл аралык джаз фестивалы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун Кыргызстандагы джаз өнөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууга Викрам Рузахунов, Медербек Токтогулов, Айзар Касымов, Аскар Абдылдаев, Кубанычбек Кыдыкбаев келген.

Анда джаз искусствосундагы көйгөйлөр, музыкалык билим берүү мекемелеринин ролу талкууланды. Өнөр адамдары буга чейин министрлик джаз искусствосун көңүл сыртында калтырып келгенин айтып, бүгүнкү жолугушуууну чоң колдоо катары кабыл алганын белгилешти.

Ошондой эле Кыргызстанда апрель-май айларында джаз искусствосуна арналган эл аралык фестиваль өтөрүн маалымдашты.

Азамат Жаманкулов  аталган фестивалды биргеликте уюштурууну, аны өлкөнүн аймактарында да өткөрүүнү сунуштады. Андан соң министр өнөрпоздорго «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM