Биз менен байланышыңыз

ККМ ташыган «Урматтуу», «Мастерид» компанияларына кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 514 | 0

Көзөмөл-кассалык машиналарды жеткирүүчү «Урматтуу» жана «Мастерид» компанияларына «алдын ала сүйлөшүп алган» деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов Жогорку Кеңештин «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында билдирди.

Депутат Жылдыз Садырбаева кассалык аппаратты кайсы компаниялар орнотуп жатканына кызыкты. Абдувапов ага жооп катары «Урматтуудан» башка да үч компания каттоодон өткөнүн билдирди.

«Урматтуу» ишканасы орусиялык «АТОЛ» заводунан аккредитация алган, бирок орус тарап менен сүйлөшкөнүбүздө алар «Урматтуу» бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иш жүргүзбөй жатканын айтышты. Жалпысынан бүгүнкү күндө «Урматтуудан» тышкары төмөнкү компаниялар аккредитацияланган: Guuduu Service, Masterid, KKM Online», — деди Абдувапов.

Copyright © 2017 Maral FM