Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-герман бизнес форуму өтөт

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 270 | 0

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Чыгыш комитетинин аткаруучу директору Михаэль Хармс менен жолугушуп, кыргыз-немис кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Германиянын Чыгыш комитети 350дөн ашык орто жана ири компанияларды камтыйт, 29 мамлекетте, анын ичинде КМШ жана Борбор Азия мамлекеттери менен иш алып барат.

Жолугушуу учурунда кыргыз-немис кызматташтыгынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу сөз болду. Тараптар дүйнөдөгү саясий, экономикалык абал жөнүндө, анын ичинде Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалдын кесепеттери тууралуу пикир алмашты.

Элчи Текебаев азыркы тапта эки мамлекет ортосунда соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүгү чоң экенин, бирок ал толук колдонулбай келерин белгиледи. Германия экономикасынын өкүлүнө Кыргызстандагы пайдалуу долбоорлор тууралуу айтып, аларды чогуу ишке ашырууга чакырды.

Андан тышкары Кыргызстан менен Германиянын ишкерлеринин түздөн-түз байланышын арттыруу максатында 2022-жылдын май айында Бишкекте өтө турган кыргыз-герман бизнес форуму жана кыргыз-герман Ишкерлер кеңешин түзүү маселеси талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM