Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 18-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 0…+5;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз -1…+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…+6;
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, түштөн кийин жаан карга айланат.
Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +3…+5 градус болот