Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов болду

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 1425 | 0

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады.

Шайлоодо тогуз талапкер ат салышкан. Алардын ичинен учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 72,97% добуш алган.

«Түркмөнстандын Шайлоо кодексине ылайык жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сердар Бердымухамедов президент болуп таанылды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-мартта өткөн. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышканы маалымдалган.

Англис тилинде эркин сүйлөйт. Сердар Бердымухамедовдун биографиясы

Copyright © 2017 Maral FM