Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Казакстан 16-марттан тарта автобус каттамдарын кайра ачат

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Мар 2022 | 178 | 0

Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы автобус каттамдары 16-марттан тарта жанданат. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Шаршемби күндөн тарта Ташкент – Нур-Султан, Ташкент – Алматы, Ташкент – Кызылорда, Ташкент – Түркстан, Ташкент – Иргели, Чирчик – Шымкент жана Чирчик – Алматы багыттарына алгачкы каттамдар жолго чыгары айтылды.

Ошол эле учурда Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга транзиттик автобус киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айта кетсек, эки өлкө ортосундагы каттамдар 2020-жылы коронавирус пандемиясы маалында токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM