Президент Садыр Жапаров 14-мартта өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Дүйнөдө түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан маселелер, мүмкүн болгон социалдык-экономикалык таасир, ошондой эле өлкөнүн аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды мындан ары турукташтыруу маселелери каралды.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин баяндамалары угулду.
Талкуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.