Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандагы президенттик шайлоого калктын 97,17%ы катышты

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Мар 2022 | 855 | 0

Түркмөнстандын президентин шайлоо боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы чыгарылды. Ага шайлоочулардын 97, 17%ы катышкан. Бул маалымат президенттин сайтына жарыяланды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы бул көрсөткүч калктын активдүүлүгүнүн, Түркмөнстандагы демократиялык кайра куруулардын мындан аркы процессине түздөн-түз катышуучу болууга аң-сезимдүү умтулуп жатканынын белгиси катары сыпаттады.

Учурда чет өлкөлөрдөгү айрым шайлоо тилкелеринде добуштар эсептелип жатканы, алар чыгарып келген соң, расмий жыйынтык жакынкы күндөрдө жарыяланары айтылды.

Эске салсак, Түркмөнстандагы президенттик шайлоо 12-мартта өттү.

Аккан арыктан суу агат же жакынкы тарыхтагы ата-бала президенттер

Copyright © 2017 Maral FM